Түркияда алты жашар өзбек бала трамвайдын астында калып каза болду (видео)
Стамбулдун Фатих районундагы Лалели аймагында 8-июнда трамвай аялдамасында кырсык болуп, алты жаштагы Өзбекстандын жараны каза болгонун Halk TV билдирди Бул маалыматты Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу да тастыктады. Консулдуктун маалыматы боюнча, бала ата-энеси жана туугандары менен Түрки

Стамбулдун Фатих районундагы Лалели аймагында 8-июнда трамвай аялдамасында кырсык болуп, алты жаштагы Өзбекстандын жараны каза болгонун Halk TV билдирди Бул маалыматты Өзбекстандын Стамбулдагы башкы консулдугу да тастыктады. Консулдуктун маалыматы боюнча, бала ата-энеси жана туугандары менен Түркияга турист катары барган Алдын ала маалымат боюнча, жашы жете элек бала трамвайдан түшкөндөн кийин платформа менен трамвай рельстеринин ортосунда калып калган. Унаа кыймылдап баштаганда ал оор жаракат алып, окуя болгон жерде каза болгон Учурда Түркиянын укук коргоо органдары окуя боюнча иликтөө иштерин жүргүзүүдө «Өзбекстан Республикасынын Стамбул шаарындагы Башкы консулдугу маркумдун үй-бүлө мүчөлөрүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, зарыл консулдук жана юридикалык жардам көрсөтүү боюнча чараларды көрүп жатат», — деп айтылат маалыматта Башкы консулдук жарандарга Стамбулдун ири мегаполис катары тынымсыз жол жана коомдук транспорт инфраструктурасын эске алууну, жашы жете электерди кароосуз калтырбоону жана алардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууну сунуштады Буга чейин Түркияда 29 жаштагы өзбекстандык аял өз жанын кыйып каза болгону кабарланган


