Бала бакчаларга электрондук кезек системасы «Балалык» порталына өткөрүлдү
Билим АКИpress - Балдарды каттоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундарды бөлүштүрүү үчүн пайдаланылуучу «Электрондук кезек» мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун функционалдуулугу mektep.edu.gov.kg порталынан «Балалык» порталына көчүрүлүп, интеграцияланды Билим берүү минист

Билим АКИpress - Балдарды каттоо жана мектепке чейинки билим берүү уюмдарында орундарды бөлүштүрүү үчүн пайдаланылуучу «Электрондук кезек» мамлекеттик санариптик технологиялык тутумунун функционалдуулугу mektep.edu.gov.kg порталынан «Балалык» порталына көчүрүлүп, интеграцияланды Билим берүү министрлиги билдиргендей, бул өзгөртүү мектепке чейинки билим берүү тармагындагы кызматтарды бирдиктүү санариптик платформада бириктирүүгө жана ата-энелердин мамлекеттик кызматтарга жетүүсүн жеңилдетүүгө багытталган Эми balalyk.edu.gov.kg порталы аркылуу балаңызды бала бакчага каттатып, кезекке тургузуп, кезектин кыймылына көз салып, башка кызматтарды ала аласыз Мурда mektep.edu.gov.kg порталында катталган бардык тиркемелер жана кезек маалыматтары толугу менен сакталып, автоматтык түрдө жаңы платформага которулат. Буга чейин кезекке турган балдардын маалыматы өзгөрүүсүз калууда "Электрондук кезек системасы балдарды мектепке чейинки билим берүү уюмдарына кабыл алуу процессинин ачык-айкындуулугун камсыздайт, кезекти автоматтык түрдө түзүүгө, бош орундарды бөлүштүрүүгө жана адам факторунун таасирин минималдаштырууга мүмкүндүк берет. Ошондой эле система бардык балдар үчүн бирдей мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылууга жана коррупциялык тобокелдиктерди алдын алууга багытталган", - деп кошумчалады Билим берүү министрлиги Ошондой эле ата-энелер балдарын Tunduk мобилдик тиркемеси аркылуу каттай алышат


