Курал-жаракка жана ок-дарыларга эң көп акча короткон ӨЛКӨЛӨР
Эл аралык Стокгольм тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) 2025-жылдагы отчетунда коргонууга эң көп каражат сарптаган дүйнө өлкөлөрүнүн тизмеси жарыяланды Modern.az сайты тизмени 954 миллиард доллар аскерий бюджети менен АКШ баштаганын билдирди. Бул көрсөткүч дүйнөлүк коргонуу чыгымдарынын 33 пайы

Эл аралык Стокгольм тынчтыкты изилдөө институтунун (SIPRI) 2025-жылдагы отчетунда коргонууга эң көп каражат сарптаган дүйнө өлкөлөрүнүн тизмеси жарыяланды Modern.az сайты тизмени 954 миллиард доллар аскерий бюджети менен АКШ баштаганын билдирди. Бул көрсөткүч дүйнөлүк коргонуу чыгымдарынын 33 пайызын түзөт Экинчи орунду 336 миллиард доллар менен Кытай ээледи. Дүйнөлүк согуштук чыгымдарда Пекиндин үлүшү 12 пайызды түзөт Үчүнчү орунду 190 миллиард доллар менен Орусия алды. Москванын дүйнөлүк коргонуу чыгымдарындагы үлүшү 6,6 пайызды түзөт Тизмедеги башка өлкөлөрдүн коргонуу чыгымдары төмөнкүдөй: Германия – 114 миллиард доллар Индия – 92,1 миллиард доллар Улуу Британия - 89 миллиард доллар Украина - 84,1 миллиард доллар Сауд Аравиясы - 83,2 миллиард доллар Франция - 68 миллиард доллар Япония – 62,2 миллиард доллар Израиль - 48,3 миллиард доллар Италия - 48,1 миллиард доллар Түштүк Корея - 47,8 миллиард доллар Польша – 46,8 миллиард доллар Отчетто 2025-жылы дүйнөдө жалпы коргонуу чыгымдарынын 2 триллион 887 миллиард долларга жетип, тарыхый рекордду жаңырары белгиленген


