Казакстанда интернетте сөгүнүү үчүн 86 миң 500 теңге айып пул салынышы мүмкүн
Бул тууралуу премьер-министр Олжас Бектеновдун мажилистин депутаттык кайрылуусуна берген жообунда айтылат. Учурда Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 434-беренесинде майда бейбаштык, анын ичинде коомдук жайларда уят сөздөрдү айтуу үчүн жаза каралган. Тартип бузгандар 20 АЕК (2026-жылы 86

Бул тууралуу премьер-министр Олжас Бектеновдун мажилистин депутаттык кайрылуусуна берген жообунда айтылат. Учурда Административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстин 434-беренесинде майда бейбаштык, анын ичинде коомдук жайларда уят сөздөрдү айтуу үчүн жаза каралган. Тартип бузгандар 20 АЕК (2026-жылы 86 500 теңге) өлчөмүндө айып пул төлөп, 60 саатка чейин коомдук жумуштарга тартылышат же 15 суткага чейин административдик камакка алынат Казакстан Республикасынын Өкмөтү бул жобону онлайн платформаларда уят сөздөрдү колдонгону үчүн жоопкерчилик менен толуктай турган мыйзам долбоору даярдалып жатканын тактады. Документти үстүбүздөгү жылдын июнь айында парламенттин кароосуна алып чыгуу пландалууда Өзүнчө жооп тренерлердин жана коомдук тренингдерди уюштуруучулардын ишмердүүлүгүн жөнгө салуу маселесин козгойт. Казакстанда адистердин квалификациясына, сертификациясына жана этикалык принциптерине талаптарды белгилеген “Коучинг ишмердүүлүгү (профессионалдык коучинг)” кесиптик стандарты бар Машыктыруучулар тиешелүү билимге же эл аралык сертификаттарга, анын ичинде ICF жана ACUга ээ болушу жана үч жылда бир жолу 40 сааттан кем эмес үзгүлтүксүз кесиптик окуудан өтүшү керек. Алардын иши адистештирилген бирикмелердин кесиптик этика кодекстери менен жөнгө салынат Өлкөдө ошондой эле урматтуу баарлашуу жана чыр-чатактарды чечүү маданиятын түзүүгө багытталган Медиаторлордун Этикалык кодекси иштелип чыгууда Бийлик сүйлөө маданиятын калыптандыруу боюнча иштер системалуу түрдө жүргүзүлүп жатканын белгилейт: ЖМКларда жана социалдык тармактарда миңдеген профилактикалык материалдар жарыяланып, жаштарды укуктук тарбиялоого, кылмыштуулуктун алдын алууга жана улуттук баалуулуктарды жайылтууга багытталган мамлекеттик гранттар жана бейөкмөт уюмдардын долбоорлору ишке ашырылууда Билим берүү мекемелеринде тарбия иштерине өзгөчө басым жасалат. Бул багыттар 2026-2030-жылдарга “Казакстандын балдары” концепциясында бекитилген, анда жаштардын арасында сыйлуу жүрүм-турумду жана этикалык туруктуулукту калыптандыруу каралган Эске сала кетсек, 2023-жылдын 6-мартында Казакстанда административдик укук бузуулар жөнүндө кодекске уят сөздөр үчүн жазаны күчөткөн өзгөртүүлөр күчүнө кирген


