Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

ШКУ жана IT форум: Бишкек чөлкөмдүн башкы технологиялык хабына айланды

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Жаштар санариптик форуму жана аймактагы эң ири IT аянтча болгон "KIT Forum 2026" өтүүдө. Иш-чарага Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Кытай жана АКШ баш болгон өлкөлөрдүн IT-эксперттери, ири бизнес өкүлдөрү, инвесторлор жана ШКУга мү

0 көрүүkabar.kg
ШКУ жана IT форум: Бишкек чөлкөмдүн башкы технологиялык хабына айланды
Paylaş:

Бишкек, 04.06.26. /Кабар/. Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) Жаштар санариптик форуму жана аймактагы эң ири IT аянтча болгон "KIT Forum 2026" өтүүдө. Иш-чарага Япония, Түштүк Корея, Сингапур, Кытай жана АКШ баш болгон өлкөлөрдүн IT-эксперттери, ири бизнес өкүлдөрү, инвесторлор жана ШКУга мүчө мамлекеттердин делегацияларынан турган 3 миңге чукул катышуучу чогулду Кыргызстандын IT форуму 15 жылдан бери өткөрүлүп келсе, ШКУнун Жаштар санариптик форуму уюмдун тарыхында биринчи жолу президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги тарабынан уюштурулууда. Форум "Баары үчүн ЖИ: Жасалма интеллектти демократиялаштыруу" урааны астында өтүп, анда глобалдык санарип экономикасы, жаш лидерлердин кызматташтыгы жана рынокко чыгуу маселелери талкууланууда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов форумдун ачылышында жасалма интеллект сыяктуу технологиялар бүгүнкү күндө саясатта да ишенимдүү ордун таап жатканын белгиледи Мамлекет башчысы Садыр Жапаров буга чейин Евразия экономикалык форумда өлкөнүн салык кызматында мультиагенттик жасалма интеллекттин негизиндеги "AI-Күзөт" интеллектуалдык системасы ийгиликтүү иштеп жатканын билдирген Жогорку технологиялар паркынын директорунун орун басары Чубак Темиров форумдун максаты дал ушундай конкреттүү долбоорлор менен эл аралык тажрыйба алмашуу экенин кошумчалады Форумдун алкагында биргелешкен санариптик долбоорлорду тааныштыруу үчүн "KIT EXPO 2026" инновациялык көргөзмөсү уюштурулду. Көргөзмөгө коюлган эң көрүнүктүү техникалардын бири — Улуттук илимдер академиясынын Машина, автоматика жана геомеханика институту тарабынан иштелип чыккан алгачкы көп функционалдуу учкучсуз учак болду Институттун директору, профессор Бактыбек Султаналиев аппаратты агротехнологияда жана чалгындоо иштеринде колдонсо болорун жана жакынкы апталарда сыноодон өткөрүлөрүн билдирди. Ошондой эле көргөзмөгө илимпоздор иштеп чыккан, аналогдорунан 5–6 эсе күчтүү шамал генератору коюлду АКШдан келген, жогорку технологиялар тармагындагы дүйнөдөгү эң таасирдүү 50 аялдын бири, жасалма интеллект боюнча стратег Эми Пек кыргыз жаштарынын потенциалын жогору баалады Форумдун жетекчиси Татту Мамбеталиева бул саамалык улуттук деңгээлден эл аралык баскычка чыкканын жана жаңы технологиялардын коопсуздугу ШКУ өлкөлөрүнүн күн тартибиндеги маанилүү маселе экенин баса белгиледи Форум эртең, 5-июнда да уланат. Анын жыйынтыгында санариптик трансформациянын эң мыкты кейстери үчүн KIT Awards 2026 сыйлыгы тапшырылат. Сыйлыктар "Эң мыкты санариптик банк", "Эң мыкты коворкинг", "IT тармагындагы эң мыкты билим берүү долбоору" жана "Бизнес-процесстерге ЖИни киргизүү" номинациялары боюнча берилет

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler