Кыргызстандык мектеп окуучулары математика жана информатика боюнча эл аралык олимпиадада 13 медаль жеңип алышты
Билим АКИpress - 2026-жылдын 1-июнунан 7-июнуна чейин Өзбекстандын Ташкент облусунун Бостанлык районунда жайгашкан «Ренессанс» ден соолук борборунда математика жана информатика боюнча Аль-Хорезми атындагы IV Эл аралык олимпиада болуп өттү Олимпиадага 16 өлкөдөн: Малайзия, Монголия, Кыргызстан, Каз

Билим АКИpress - 2026-жылдын 1-июнунан 7-июнуна чейин Өзбекстандын Ташкент облусунун Бостанлык районунда жайгашкан «Ренессанс» ден соолук борборунда математика жана информатика боюнча Аль-Хорезми атындагы IV Эл аралык олимпиада болуп өттү Олимпиадага 16 өлкөдөн: Малайзия, Монголия, Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркия, Түркмөнстан, Беларусь, Бангладеш, Куба, Венесуэла, Иордания, Азербайжан, Өзбекстан, Румыния жана Ирандан 219 мектеп окуучусу катышты Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, Кыргызстандан математика боюнча 12, информатика боюнча 12 окуучу катышты Информатика боюнча 8 мектеп окуучусу – 2 алтын, 3 күмүш жана 3 коло медалга ээ болушту Математика боюнча 5 мектеп окуучусу медалга ээ болушту – 1 күмүш жана 4 коло Тренерлер: Мамат Ишматов, Жолдубай уулу Бекжол, Айдин Асанкадыров, Нурсултан Эшперов, Назар Киргизбаев, Айбар Аманов Катышуу сертификатын алган студенттер: Кыргызстандын командаларынын лидерлери:


