Марштын аягы тополоңго айланып кетти
Бельгиянын борбору Брюсселде мугалимдердин тынч башталган жүрүшү тополоңго айланды. Иш таштагандар полиция кызматкерлерине жардыргыч заттарды ыргытып, коомдук имараттарды талкалашкан. Брюсселдеги кесиптешим Нурсулу Касым учурда окуя болгон жерде. Келгиле, маселенин маңызын билели. Нурсулу, өткөн каб

Бельгиянын борбору Брюсселде мугалимдердин тынч башталган жүрүшү тополоңго айланды. Иш таштагандар полиция кызматкерлерине жардыргыч заттарды ыргытып, коомдук имараттарды талкалашкан. Брюсселдеги кесиптешим Нурсулу Касым учурда окуя болгон жерде. Келгиле, маселенин маңызын билели. Нурсулу, өткөн кабарыбызда жөө жүрүш тынч өтүп жатат деп айткансыз. Тополоң качан болгон? Нурсулу Касым, кабарчы: Полиция кызматкерлери тополоңчуларга каршы жогорку басымдагы суу жана көздөн жаш агызуучу газ колдонууга аргасыз болгон. Милициянын маалыматы боюнча, коомдук тартипти бузуп, мамлекеттик мүлктү талкалаган 7 адам кармалды. Калгандары изделүүдө. Жаңжалдан жабыркагандар тууралуу азырынча маалымат жок


