Шавкат Мирзиёев Орусияга барат
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ушул жылдын 4-5-июнунда Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Санкт-Петербургга иш сапары менен барат. Бул тууралуу өзбек лидеринин басма сөз кызматы билдирди Билдирүүгө ылайык, мамлекет башчысы «Прагматикалык диалог: туруктуу келечекке жол»

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев ушул жылдын 4-5-июнунда Орусиянын президенти Владимир Путиндин чакыруусу менен Санкт-Петербургга иш сапары менен барат. Бул тууралуу өзбек лидеринин басма сөз кызматы билдирди Билдирүүгө ылайык, мамлекет башчысы «Прагматикалык диалог: туруктуу келечекке жол» деген ураан астында өтө турган 29-Петербург эл аралык экономикалык форумунун пленардык жыйынына катышып, сөз сүйлөйт Өзбек лидери дүйнөлүк экономикадагы кырдаал жана өзбек-орус экономикалык кызматташтыгын өнүктүрүүнүн келечеги тууралуу ой бөлүшөт. Ал ошондой эле өлкөнүн учурдагы өнүгүү приоритеттерин белгилейт Сапардын программасына ошондой эле Россиянын президенти Владимир Путин менен жолугушуу жана Өзбекстандын биринчи интеграцияланган атомдук электр станциясынын курулушун баштоо аземине катышуу да кирет Буга чейин, быйыл 9-майда Шавкат Мирзиёев Орусияга Экинчи дүйнөлүк согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чараларга катышуу үчүн барган

