Шавкат Мирзиёев Дональд Трампты Өзбекстанга чакырды
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Дональд Трампты расмий сапар менен Ташкентке келип кетүүгө чакырды, деп билдирет UzDaily.uz маалымат агенттиги. Чакырууга Мирзиёевдин туулган күнүнө карата Америка лидерине жолдогон куттуктоосу себеп болгон Басылманын айтымында, эгер бул сапар ишке ашса, бул

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Дональд Трампты расмий сапар менен Ташкентке келип кетүүгө чакырды, деп билдирет UzDaily.uz маалымат агенттиги. Чакырууга Мирзиёевдин туулган күнүнө карата Америка лидерине жолдогон куттуктоосу себеп болгон Басылманын айтымында, эгер бул сапар ишке ашса, бул АКШнын иштеп жаткан президентинин Өзбекстанга жасаган биринчи расмий сапары болуп калат. Өз кайрылуусунда Мирзиёев Трамптын “тынчтык менен стабилдүүлүктү камсыз кылуу боюнча” эл аралык аракеттерин жогору баалап, өзбек-америкалык мамилелер буга чейин “сапаттык жактан жаңы деңгээлге” жеткенин белгиледи Ак үй канчалык деңгээлде жооп кайтарууга жана чакырууну кабыл алууга даяр экендиги белгисиз - азырынча америкалык тарап чакырууга комментарий бере элек


