Шахмат мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыты деп жарыяланды
Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына кол койду Жарлыктын максаты — шахматты калк арасында кеңири жайылтуу үчүн шарттарды түзүү жана шахматчыларды даярдоону

Бишкек, 04.06.26 /Кабар/. Президент Садыр Жапаров "2026–2030-жылдарга Кыргыз Республикасында шахматты өнүктүрүү жана популярдаштыруу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгына кол койду Жарлыктын максаты — шахматты калк арасында кеңири жайылтуу үчүн шарттарды түзүү жана шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын калыптандыруу болуп саналат Жарлык менен төмөнкүлөр каралууда: — пилоттук долбоордун катышуучулары — 500 жалпы билим берүү уюмунун тизмегин бекитсин; — 3–5-класстардын окуучуларына шахмат ийримдери үчүн кошумча билим берүүнүн типтүү программасын иштеп чыксын жана бекитсин; — шахмат ийримдерин жүргүзүү үчүн педагогикалык кадрларды даярдоону жана кайра даярдоону камсыз кылсын; — пилоттук долбоордун натыйжаларына 10 ай өткөндөн кийин мониторинг жүргүзүүнү жана баалоону уюштурсун;


