Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Шаардык сот мурдагы элчи Эмилбек Узакбаевдин кызын камакта калтырды

12-июнда Бишкек шаардык соту Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы Мээрим Узакбаеваны 26-июлга чейин камакта калтыруу тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды Мээрим Узакбаеванын жакындары анын үч кызы бар экенин, тергөө абагында негизси

0 көрүүazattyk.org
Шаардык сот мурдагы элчи Эмилбек Узакбаевдин кызын камакта калтырды
Paylaş:

12-июнда Бишкек шаардык соту Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы Мээрим Узакбаеваны 26-июлга чейин камакта калтыруу тууралуу Бишкектин Биринчи май райондук сотунун чечимин күчүндө калтырды Мээрим Узакбаеванын жакындары анын үч кызы бар экенин, тергөө абагында негизсиз кармалып турганын айтышты Ага Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен кылмыш иши козголуп, 20-мартта кармалып, камакка алынган Шектүүгө Бишкектин Тоголок Молдо көчөсүндөгү 5 кабаттуу имаратты, Сыдыгалиев көчөсүндөгү “Кыргызайылкөмөк” акционердик ишканасын имараттары жана жерлери менен жалпы 9 гектар, ошондой эле Махатма Ганди көчөсүндөгү “Баят” базарын 9 гектар жери менен мыйзамсыз менчиктештирүү боюнча айып тагылган Мээрим Узакбаева мурдагы айыл чарба министри, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевдин кызы. Эмилбек Узакбаев “75чилердин катына" байланышкан иштин алкагында 11-февралда кармалган. Ага “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылууда. (BTo/DSh)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler