Сертоглу: «Сегиз жылдан кийин бир турнирге катышуу үчүн кубанычтабыз»
Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) улуттук футбол командасы CONIFA (Көз карандысыз футбол ассоциациялары конфедерациясы) Европа футбол чемпионатына катышуу үчүн Италияга барды Түндүк Кипр Түрк Республикасынын делегациясы алгач Стамбул аркылуу Италиянын Милан шаарына, андан соң чемпионат өтө т

Түндүк Кипр Түрк Республикасынын (ТКТР) улуттук футбол командасы CONIFA (Көз карандысыз футбол ассоциациялары конфедерациясы) Европа футбол чемпионатына катышуу үчүн Италияга барды Түндүк Кипр Түрк Республикасынын делегациясы алгач Стамбул аркылуу Италиянын Милан шаарына, андан соң чемпионат өтө турган Швейцария чек арасындагы Комо шаарына келди Эл аралык футбол ассоциациялары федерациясына (ФИФА) мүчө болбогон өлкөлөр жана автономиялуу аймактар катышкан CONIFA Европа футбол чемпионатында ийгиликтүү болууну каалаган Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Улуттук футбол командасы эртең кечинде биринчи беттешин өткөрөт Кипр Түрк футбол федерациясынын (KTFF) президенти Хасан Сертоглу, чемпионатка байланыштуу журналисттерге маалымат берип, акыркы 8 жылда түзүлө албаган улуттук курама команданы кайра куруп, уюмдарга катышууга шарт түзүшкөндөрүн айтты Италиядагы чемпионаттын 6 команда менен өткөрүлөрүн билдирген КТФФнын президенти Сертоглу 8 жылдан кийин бир турнирге катышуу үчүн толкунданганын жана улуттук курамадан ийгилик күткөндөрүн кошумчалады


