Эрдогандын Сербияга пландалган сапарына байланыштуу комиссия түзүлдү
Сербиянын Элдешүү, аймактык кызматташтык жана социалдык туруктуулук министри Усаме Зукорлич Түркиянын бул өлкөдөгү элчиси Илхан Сайгили менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Белград жана Нови Пазарга пландалган сапарын талкуулады Бул тууралуу министрдин аппараты таратканын «Репорттун»

Сербиянын Элдешүү, аймактык кызматташтык жана социалдык туруктуулук министри Усаме Зукорлич Түркиянын бул өлкөдөгү элчиси Илхан Сайгили менен Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын Белград жана Нови Пазарга пландалган сапарын талкуулады Бул тууралуу министрдин аппараты таратканын «Репорттун» Балкан бюросу билдирди Түркия президентинин иш сапарынын жогорку деңгээлде өтүшү үчүн түзүлгөн комитетти У.Зукорлич жетектей турганы маалым болду «Тараптар президент Эрдогандын иш сапарынын эң жогорку деңгээлде уюштурулушу боюнча макулдашышты»,-деп баса белгиленген маалыматта Эске сала кетсек, Р.Т. Эрдогандын сапары Сербиянын президенти Александр Вучич үстүбүздөгү жылдын февраль айында Анкарада болгондо белгилүү болгон «Май же июнь айларында биз чоң делегация менен Белградга жана Нови Пазарга барабыз», - Р.Т. Эрдоган билдирди. Бирок визиттин так датасы азырынча чечиле элек Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


