SEPAH Трамптын коркутууларына жооп берди
Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги газ кендерин бутага алышы мүмкүн Бул тууралуу SEPAHтын АКШга жасаган акыркы эскертүүсүндө камтылганын «Репорт» билдирди «Трамптын коркутууларына жооп иретинде Иран Чыгыш Жер Ортолук деңизинде чоң газ запасы бар Кариш жана

Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Чыгыш Жер Ортолук деңизиндеги газ кендерин бутага алышы мүмкүн Бул тууралуу SEPAHтын АКШга жасаган акыркы эскертүүсүндө камтылганын «Репорт» билдирди «Трамптын коркутууларына жооп иретинде Иран Чыгыш Жер Ортолук деңизинде чоң газ запасы бар Кариш жана Танин кендерин негизги буталар катары алдыга койду»,-деп айтылат билдирүүдө Белгилей кетсек, Кариш – Жер Ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндө, Израилдин түндүк жээгинен болжол менен 90-100 км аралыкта жайгашкан жаратылыш газ кени. 2013-жылы ачылган бул кен Израилдин энергетикалык коопсуздугу жана экспорттук потенциалы үчүн стратегиялык мааниге ээ. Кенден биринчи газ өндүрүү 2022-жылдын октябрында башталган. Алдын ала эсептөөлөр боюнча, кенде болжол менен 28–42 миллиард куб метр (айрым булактар боюнча 45–57 миллиард м³) газ запасы бар Танин газ кени да Жер Ортолук деңизинин чыгыш бөлүгүндө, Израилдин жээгинен 120 чакырымдай алыстыкта жайгашкан. 2024-жылдын акырына карата Танин кенинде болжол менен 917,6 миллиард куб фут (болжол менен 26 миллиард куб метр) газ жана 4,4 миллион баррель конденсат бар деп болжолдонууда Эске сала кетсек, АКШ менен Израил 28-февралда Иранга каршы аскердик операциясын баштап, бир катар шаарларга абадан сокку урган. Ошол эле күнү Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи соккулардын натыйжасында өлтүрүлгөн. Буга жооп кылып Иран Израилдин аймагына ракета учуруп, Перс булуңундагы өлкөлөрдөгү АКШнын аскерий базаларына чабуул жасаган. Кырдаалга байланыштуу аймактын айрым штаттары аба мейкиндигин убактылуу жапты Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


