Суу ташкынынан жапа чеккен АКШдагы коркунучтуу учурлар! Автобустан түшүп баратканда агымга түшүп калган
АКШнын Нью-Йорк шаарында нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары жашоого терс таасирин тийгизди. Көптөгөн аймактарда, өзгөчө Квинс менен Бруклинде жолдор көлгө айланып, унаалар суу астында калып, метро менен автобус каттамдарында олуттуу үзгүлтүктөр болду. Расмийлер кээ бир аймактарда бир сааттын

АКШнын Нью-Йорк шаарында нөшөрлөп жааган жамгыр жана суу ташкындары жашоого терс таасирин тийгизди. Көптөгөн аймактарда, өзгөчө Квинс менен Бруклинде жолдор көлгө айланып, унаалар суу астында калып, метро менен автобус каттамдарында олуттуу үзгүлтүктөр болду. Расмийлер кээ бир аймактарда бир сааттын ичинде болжол менен 5 сантиметр жамгыр жааганын жарыялашты Социалдык тармактарга тараган сүрөттөрдө сел суусунан качкысы келген аялдын автобустан түшкөнү, бирок көп өтпөй тизесине жеткен сууга камалып калганы көрүлдү. Аялдын баса албай кыйналган учурларын тегеректеги жарандар уюлдук телефондун камерасы менен тартып алышкан Сүрөттөр кыска убакыттын ичинде интернетке тарап, Нью-Йорктогу сел апаатынын көлөмүн дагы бир жолу ачыкка чыгарды Чет элдик басылмалардын маалыматына караганда, айрым айдоочулар куткаруу үчүн унааларын күтүп турушкан. Селден улам кээ бир жер астындагы өтмөктөр жабылса, F жана J метро линияларында каттамдар токтотулду. Селден улам шаар боюнча көптөгөн жолдор жабылды Нью-Йорктун Өзгөчө кырдаалдар башкармалыгынын топтору жарандарга "сел сууларына кирбегиле" деп эскертсе, ылдыйкы аймактарда жашагандардан бийик жерлерге көчүп кетүүнү суранышты


