Ысык-Көлгө келип кондук. Бир киши каза болду
Ысык-Көл облусунда болгон селдин кесепетинен бир жаран каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдары билдирди Алдын ала маалыматтар боюнча, сел алып кеткен унаада беш адам болгон. Үчөөнүн абалы канааттандырарлык, бирөө каза болду, бешинчисин издөө иштери уланууда Эске сала ке

Ысык-Көл облусунда болгон селдин кесепетинен бир жаран каза болду. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдары билдирди Алдын ала маалыматтар боюнча, сел алып кеткен унаада беш адам болгон. Үчөөнүн абалы канааттандырарлык, бирөө каза болду, бешинчисин издөө иштери уланууда Эске сала кетсек, 5-июнь күнү саат 20:00 чамасында Чолпон-Ата шаары менен Булан-Сөгөттү айылынын ортосундагы тилкеде сел жүргөн. Алар чоң жолду тосушту. Окуяга күбө болгондор көлдү көздөй бир нече унааны агызып кеткенин айтышкан Белгилей кетсек, Өзгөчө кырдаалдар министрлиги адам каза болгондугу тууралуу маалыматты тастыктаган. Сөөк милиция кызматкерлерине өткөрүлүп берилди, анын өздүгү такталууда Каза болгон адам Ford Mondeo унаасында болгон Башкы беттеги сүрөт: селден чыккан унаа


