Сел кырсыгы: 10 адам каза болду
Кения полициясы тарабынан жасалган билдирүүдө каза болгон 10 кишинин 7синин Чыгыш Кениянын аймагында экени билдирилди. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, транспорт токтоп калган. Бийликтер өзгөчө Квале районундагы Мвена көпүрөсүнө жана Китуи районундагы Нгомени көпүрөсүнө олуттуу зыян келтири

Кения полициясы тарабынан жасалган билдирүүдө каза болгон 10 кишинин 7синин Чыгыш Кениянын аймагында экени билдирилди. Нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жүрүп, транспорт токтоп калган. Бийликтер өзгөчө Квале районундагы Мвена көпүрөсүнө жана Китуи районундагы Нгомени көпүрөсүнө олуттуу зыян келтирилгенин жарыялады Издөө-куткаруу топторунун аймактагы иштери үзгүлтүксүз уланып жатканда метеорология бөлүмүнөн жаңы эскертүү келди. Нөшөрлөп жааган жамгырдын бир канча убакытка чейин таасирин уланта турганы билдирилип, калктан мүмкүн болгон сел жана жер көчкүлөргө каршы этият болуусу талап кылынды. Командалар кооптуу аймактарда кийлигишүүсүн улантууда


