Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Эсеп палатасы Кемин районунун бюджетинде 35,5 миллион сомдук мыйзам бузууларды аныктады

Эсеп палатасы Чүй облусунун Кемин районунун 2024-жылга бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча аудиттин жүрүшүндө 35,5 миллион сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады Текшерүү департаменттин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкар

0 көрүүeconomist.kg
Эсеп палатасы Кемин районунун бюджетинде 35,5 миллион сомдук мыйзам бузууларды аныктады
Paylaş:

Эсеп палатасы Чүй облусунун Кемин районунун 2024-жылга бюджетинин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча аудиттин жүрүшүндө 35,5 миллион сомдук каржылык мыйзам бузууларды аныктады Текшерүү департаменттин Бишкек шаары, Чүй жана Талас облустары боюнча аймактык бөлүмү тарабынан жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана муниципалдык ишканалардын ишмердүүлүгүн изилдеп чыккан Келтирилген зыяндын жалпы суммасынын 14,3 миллион сому бюджетке милдеттүү түрдө калыбына келтирилүүгө тийиш. Текшерүүнүн өзүндө аудиторлор 7,1 миллион сомдун кайтарылышын камсыз кылышкан. Эң көп мыйзам бузуулар 9,5 миллион сомдун башка булактардан каржыланышы керек болгон чыгымдарга жумшалганы болду. Ошондой эле инспекторлор тарабынан курулуш-монтаждоо жумуштарынын наркын 5,6 миллион сомго ашыкча баалоо жана товарларды жана кызмат керсетуулерду сатып алууга 6,5 миллион сомго негизсиз чыгымдар катталды Текшерүүнүн жүрүшүндө акча каражаттарын сарамжалсыз башкаруунун башка фактылары аныкталган: Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча отчет президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнө жана Кемин райондук администрациясынын башчысына жөнөтүлдү. Эсеп палатасынын коллегиясы документти жактырып, бардык кемчиликтерди жоюу боюнча тапшырмаларды берди. Райондун жетекчилигине каржылык мыйзам бузуулардын көбөйүшүнүн себептерин терең талдап, келечекте мындай жоготууларга жол бербөө боюнча иш-чаралардын комплексин иштеп чыгуу тапшырылды

Kaynak: economist.kg

Diğer Haberler