Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Өзбекстан курама командасы Нью-Йоркто Голландия менен беттештин алдында күчөтүлгөн текшерүүдөн өттү

Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Нью-Йоркто Голландия менен болгон жолдоштук беттештин алдында күчөтүлгөн тартипте текшерүүдөн өттү Бир катар ЖМКлар социалдык түйүндөрдөгү басылмаларга таянып жазгандай, футболчулар менен делегация мүчөлөрүн коопсуздук кызматкерлери жыттоочу иттер

0 көрүүazattyqasia.org
Өзбекстан курама командасы Нью-Йоркто Голландия менен беттештин алдында күчөтүлгөн текшерүүдөн өттү
Paylaş:

Өзбекстандын футбол боюнча улуттук курама командасы Нью-Йоркто Голландия менен болгон жолдоштук беттештин алдында күчөтүлгөн тартипте текшерүүдөн өттү Бир катар ЖМКлар социалдык түйүндөрдөгү басылмаларга таянып жазгандай, футболчулар менен делегация мүчөлөрүн коопсуздук кызматкерлери жыттоочу иттер менен кошумча тинтүүгө алышкан. Текшерүү курама командалардын жолугушуусу боло турган стадиондун кире беришинде өттү 8-июнь күнү Нью-Йорк шаарындагы Icahn стадионунда 2026-жылкы дүйнөлүк чемпионатка даярдык көрүү алкагында Өзбекстан менен Голландия курама командаларынын жолдоштук беттеши өттү. Жолугушуунун жыйынтыгында Голландия 2:1 эсебинде жеңишке жетти Өзбекстандын Футбол федерациясы жана матчтын уюштуруучулары коопсуздукту текшерүүгө байланыштуу эч кандай окуя тууралуу маалымат беришкен эмес Azattyk Asia © 2026 RFE/RL, Inc. | Бардык укуктар корголгон

Diğer Haberler