Кыргыз курама командасы Палестина менен болгон беттештердин алдында үч негизги оюнчусунан ажырады
“Спорт АКИpress” - Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Палестина менен болгон беттештин алдында үч негизги оюнчусунан ажырады Sport АКИpress агенттигине Кыргызстандын футбол союзунан билдиришкендей, 6-июнда өткөн биринчи жолдоштук беттешке Кайрат Жыргалбек уулу, Алимардон Шүкүров жана Кими

“Спорт АКИpress” - Футбол боюнча Кыргызстандын курама командасы Палестина менен болгон беттештин алдында үч негизги оюнчусунан ажырады Sport АКИpress агенттигине Кыргызстандын футбол союзунан билдиришкендей, 6-июнда өткөн биринчи жолдоштук беттешке Кайрат Жыргалбек уулу, Алимардон Шүкүров жана Кими Мерк алган жаракатынан улам катышпай калган "Жыргалбек уулу машыгуудан мурун жаракат алып, командада жок болчу. Шукуров машыгуу учурунда жаракат алган. Мерк биринчи оюнду өткөрүп жиберген, бирок экинчи беттеште ойной алат", — деп билдирди КФС 6-июнда Бишкекте Кыргызстан менен Палестина курама командаларынын биринчи жолдоштук оюну өтүп, 0:0 эсебинде аяктаган Экинчи оюн 9-июнга белгиленген


