Казакстан курама командасы жолдоштук беттеште Венгрияга утулуп калды
Оюндун 9-мүнөтүндө Талгат Байсуфиновдун шакирттери эсепти ачышты. Максим Самодовдун бурчунан кийин Сергей Малый гол киргизди Экинчи таймда талаа ээлери оюндун нугун бура алышты. 52-мүнөттө эсепти Доминик Собослай теңесе, 15 мүнөттөн кийин Андраш Шафер айып соккудан кийин таамай сокку узатып, венгри

Оюндун 9-мүнөтүндө Талгат Байсуфиновдун шакирттери эсепти ачышты. Максим Самодовдун бурчунан кийин Сергей Малый гол киргизди Экинчи таймда талаа ээлери оюндун нугун бура алышты. 52-мүнөттө эсепти Доминик Собослай теңесе, 15 мүнөттөн кийин Андраш Шафер айып соккудан кийин таамай сокку узатып, венгриялыктарды алдыга чыгарды Беттештин негизги учуру 63-мүнөттө Максим Самодовдун оюндан четтетилиши болду. Казакстан курамасынын чабуулчусу экинчи сары айып кагазын алып, команданы азчылыкта калтырды Жыйынтыктоочу эсепти кошумча убакытта Раймунд Тот коюп, 93-мүнөттө Темирлан Анарбековдун дарбазасына сокку узатты Ошентип, Венгриянын курама командасы 3:1 эсебинде эрктүү жеңишке жетишти Буга чейинки жолугушууда Казакстан курама командасы Армения курама командасы менен тең ойногон

