Жасалма икра азыктарына мониторинг жүргүзүлүп, мыйзам бузуулар аныкталган
Азербайжандын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча агенттиги 10 азык-түлүк базарын, 8 соода объектисин, 14 импорттоочу кампаны жана 61 коомдук тамактануучу жайды жасалма икра азыктарынын жүгүртүүсүнө байланыштуу текшерди Бул тууралуу 525.az агенттиги маалымат таратты Алсак, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө «Кеш

Азербайжандын Азык-түлүк коопсуздугу боюнча агенттиги 10 азык-түлүк базарын, 8 соода объектисин, 14 импорттоочу кампаны жана 61 коомдук тамактануучу жайды жасалма икра азыктарынын жүгүртүүсүнө байланыштуу текшерди Бул тууралуу 525.az агенттиги маалымат таратты Алсак, текшерүүлөрдүн жүрүшүндө «Кешла базары», «Өзбек базары», «Сахил базары» жана «Яшил базарында» кемчиликтер аныкталган. Аталган объектилерде этикеткасыз, коштоочу документи жок, мөөнөтү өтүп кеткен азыктар, жасалма икралар «Кешла базарында» табигый форель икрасы деген ат менен, ал эми «Өзбек базарында» жасалма икралар маркасы жок таңгактарда сатылып жаткандыгы аныкталган Мындан тышкары 2 соода объектисинде – этикеткасы жок, коштомо документтери жок жана мөөнөтү өтүп кеткен продукцияда мыйзам бузуулар аныкталган. Үлгүлөрдү изилдөөнүн натыйжасында 1 икра продуктусунда бактериялар (Listeria monocytogenes) табылган Текшерүүлөрдүн жүрүшүндө 1 импортердун кампасында лабораториялык жыйынтыгы жана ден соолугу боюнча маалымкаты жок продукциялар сатыкка коюлганы аныкталган. Ошондой эле, жасалма икра өндүрүү менен алектенген 1 объекти каттоосуз иштеп жаткандыгы аныкталды Жалпысынан 15 325 кг кызыл икра жана 800 гр кара икранын этикеткасы жок жана коштоочу документтери жок, 678 гр кызыл жана 1243 кг кара икранын сактоо мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган Сыноолордун жыйынтыгы дал келбеген жана мөөнөтү өтүп кеткен бардык продукциялар сатуудан алынып, жок кылынды

