Камсыздандыруу статусу жок жарандар да онкоскринингден бекер өтүшөт
Быйылкы жылдан тарта бекер скринингдик тесттерге өзгөртүүлөр киргизилди. Биринчи кезекте катышуучулардын жаш чеги жогорулатылды. Буга чейин профилактикалык кароолор 70 жашка чейин жүргүзүлсө, эми 76 жашка чейинки жарандар да камтылган. Дагы бир маанилүү өзгөртүү, рак скрининги камсыздандыруу статусу

Быйылкы жылдан тарта бекер скринингдик тесттерге өзгөртүүлөр киргизилди. Биринчи кезекте катышуучулардын жаш чеги жогорулатылды. Буга чейин профилактикалык кароолор 70 жашка чейин жүргүзүлсө, эми 76 жашка чейинки жарандар да камтылган. Дагы бир маанилүү өзгөртүү, рак скрининги камсыздандыруу статусунан көз каранды болбой калды. Эмчектин, жатын моюнчасынын жана жоон ичегинин рагын эрте аныктоо үчүн скринингден өтүү бардык жарандар үчүн жеткиликтүү. Кошумчалай кетсек, 70 жаштан 76 жашка чейинки жашоочулар ар эки жылда бир жолу гипертония, кант диабети жана глаукома боюнча текшерүүдөн өтсө болот. Ал эми 50 жаштан ашкан эркектер үчүн жүрөк-кан тамыр ооруларынын коркунучун аныктоочу жаңы тест киргизилди. Анын алкагында моюндун жана ири кан тамырлардын УЗИ изилдөөсү жүргүзүлөт Асел Кыдыралиева, Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Медициналык жардамды уюштуруу департаментинин директорунун орун басары:


