Санкт-Петербургда азербайжандык “мыйзамдуу ууру” кармалды
Орусиянын укук коргоо органдары Санкт-Петербургда азербайжандык "мыйзамдагы ууру" атыккан Юсиф Алиевди кармады АПАнын орусиялык бюросунун маалыматына ылайык, Орусиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы башкы башкармалыгындагы булак 54 жаштагы Алиев 2008-жылдан бери эл аралык издөөдө жү

Орусиянын укук коргоо органдары Санкт-Петербургда азербайжандык "мыйзамдагы ууру" атыккан Юсиф Алиевди кармады АПАнын орусиялык бюросунун маалыматына ылайык, Орусиянын Ички иштер министрлигинин Санкт-Петербургдагы башкы башкармалыгындагы булак 54 жаштагы Алиев 2008-жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөнүн билдирди Булактын айтымында, ал бир нече оор кылмыштар, анын ичинде эки же андан көп адамды өлтүрүү боюнча айыпталууда Маалым болгондой, Юсиф Алиев 9-июнь күнү эртең менен Санкт-Петербургдун Макаров жээгинде жайгашкан үйлөрдүн биринен кармалган «Коммерсантъ» гезитинин жазганына караганда, Алиев башка айыптар менен катар криминалдык иерархияда жогорку кызматты ээлеген деп айыпталууда. Бул берене боюнча ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн Басылма 2009-жылдын март айында Москвадагы ресторандардын биринде өткөн кылмыштуу жолугушууда Юсиф Алиев жана дагы үч "мыйзамдуу ууру" пара талап кылган жана адам уурдаган деген шек менен кармалганын жазган Ал операциянын жүрүшүндө Алиев менен бирге азербайжандык криминалдык авторитет Алибала Хамидов (Гожа Ясамалски) жана Мамед Гусейнов (Масалли Мамед), ошондой эле Грузияда туулган Теймураз Фароян да кармалган Маалыматка ылайык, Юсиф Алиев кармалгандан көп өтпөй бошотулуп, андан соң жашырынып кеткен


