Саида Мирзиёева МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гросси менен жолугушту
Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Саида Мирзиёева 4-июнда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси менен жолугушту. Мирзиёева жолугушуу тууралуу өзүнүн Telegram каналында билдирди Анын айтымында, жогорку даражалуу конок Өзбекстанга Жиззак облусунда

Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Саида Мирзиёева 4-июнда Атомдук энергия боюнча эл аралык агенттиктин башкы директору Рафаэль Гросси менен жолугушту. Мирзиёева жолугушуу тууралуу өзүнүн Telegram каналында билдирди Анын айтымында, жогорку даражалуу конок Өзбекстанга Жиззак облусунда атомдук электр станциясынын курулушунун башталышына арналган салтанатка катышуу үчүн келген Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар Өзбекстандын улуттук атомдук энергетика инфраструктурасын түзүү, ядролук медицинаны өнүктүрүү жана бул тармак үчүн адистерди даярдоо боюнча агенттик менен кызматташууну талкуулашты Буга чейин Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев менен Орусиянын президенти Владимир Путин Өзбекстанда Орусиянын «Росатом» корпорациясы тарабынан курулуп жаткан АЭСтин биринчи энергоблогунун курулушун баштоосу күтүлүп жатканы кабарланган Маалымат үчүн, Өзбекстан менен Россия Өзбекстанда атомдук энергетикалык кубаттуулукту түзүү боюнча өкмөттөр аралык келишимге 2018-жылы кол коюшкан. Келишимде алгач ар биринин кубаттуулугу 1,2 гигаватт болгон эки энергоблоктун курулушу каралган. 2025-жылы тараптар ар биринин кубаттуулугу 55 мегаватт болгон алты чакан блокту курууну макулдашты. Кийинчерээк долбоор кайра каралып, келишимге өзгөртүүлөр 2026-жылдын мартында кол коюлган Жаңы келишимге ылайык, «Росатом» Өзбекстанда Орусиянын VVER-1000 реакторлорунун базасында эки чоң кубаттуулуктагы энергоблокту, ошондой эле ар биринин кубаттуулугу 55 мегаватт болгон RITM-200 реакторлорунун негизинде эки чакан атомдук блокту курат. Бул станция Россия тарабынан чет өлкөдө курулган биринчи чакан кубаттуулуктагы атомдук электр станциясы болуп калышы мүмкүн Учурда Борбор Азиядагы беш өлкөнүн биринде да атомдук электр станциясы жок. Өткөн жылдын июнь айында Казакстан өлкөнүн биринчи атомдук электр станциясын куруу боюнча эл аралык консорциумдун жетекчиси кылып “Росатомду” тандап алган. Орусия долбоор үчүн флагмандык III+ VVER-1200 реакторун колдонууну пландаштырууда Ушул жылдын май айында Москва менен Астана Балхаш атомдук электр станциясын куруу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюшкан, анын кубаттуулугу 2,4 гигаватт болушу мүмкүн жана баасы болжол менен 16,5 миллиард долларды түзөт


