Саида Мирзиёева Глобалдык экологиялык фонддун ассамблеясына катышууда
Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Саида Мирзиёева 4-июнда Глобалдык экологиялык фонддун VIII ассамблеясына катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында билдирди "Самаркандда ишин баштаган Глобалдык экологиялык фонддун 8-Ассамблеясынын катышуучуларына президенттин куттуктоосун

Өзбекстандын президентинин администрация башчысы Саида Мирзиёева 4-июнда Глобалдык экологиялык фонддун VIII ассамблеясына катышты. Бул тууралуу ал өзүнүн Telegram каналында билдирди "Самаркандда ишин баштаган Глобалдык экологиялык фонддун 8-Ассамблеясынын катышуучуларына президенттин куттуктоосун окуу мен үчүн чоң сыймык болду. Форум Борбордук Азия жана дүйнө үчүн эң актуалдуу маселелердин бири – климаттык чакырыктарды талкуулоого мүмкүнчүлүк түздү. Бул дагы бир жолу Өзбекстандын глобалдык экологиялык доордо өсүп бараткан ролун көрсөттү", - деди Мирзиёев Анын айтымында, Ассамблеянын алкагында Eco Expo Central Asia 2026 көргөзмөсү уюштурулган. Иш-чаранын жүрүшүндө жашыл долбоорлорго 80 миллион доллар грант жана 520 миллион доллардан ашык инвестиция тартуу боюнча келишимдерге кол коюлду. Мирзиееванын айтымында, азыр негизги милдет – бул экологиялык демилгелерди ырааттуу түрдө иш жүзүнө ашыруу. Учурда эки иш-чарага 180 өлкөдөн 8500дөн ашык адис катышууда


