Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Садыр Жапаров БУУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанды шайлоодо Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары колдогону үчүн ыраазычылык билдирди

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына байланыштуу БУУнун мүчө-мамлекеттерине кайрылуу жасады: Урматтуу Бириккен Улуттардын Уюмуна муче болгон мамлекет башчылары 2026-жылдын 3-июнунда Сиздин колдоо

0 көрүүknews.kg
Садыр Жапаров БУУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанды шайлоодо Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары колдогону үчүн ыраазычылык билдирди
Paylaş:

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын 2027-2028-жылдарга Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышына байланыштуу БУУнун мүчө-мамлекеттерине кайрылуу жасады: Урматтуу Бириккен Улуттардын Уюмуна муче болгон мамлекет башчылары 2026-жылдын 3-июнунда Сиздин колдооңуз менен Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо тарыхый жеңишке ээ болду Кыргызстан бул жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө бардык мамлекеттердин алдындагы чоң жоопкерчилик деп эсептейт Кыргыз Республикасы БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнүн жүрүшүндө эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды болтурбоого, алдын алуучу дипломатияны өнүктүрүүгө, талаштарды тынчтык жолу менен чечүүгө колдоо көрсөтүүгө, эл аралык системада кичи жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун бекемдөөгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климат, суу, тоо жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу алга жылдырууга ниеттенүүдө Биздин талапкерлигибизди колдогон бардык мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана тынчтыктын, стабилдүүлүктүн жана көп тараптуулукту чыңдоонун кызыкчылыгында аракеттенген БУУнун Коопсуздук Кеңешинде жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенибизди ырастайбыз Кыргыз Республикасы Филиппин Республикасына өз ара урматтоо жана Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерине берилгендик духунда өткөн шайлоо өнөктүгүнө жана конструктивдүү атаандаштыкка татыктуу катышкандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирет Урматтуу Бириккен Улуттардын Уюмуна муче болгон мамлекет башчылары Сиздердин элдериңиздерге тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп өнүгүүнү каалаган эң жогорку урматымды жана эң жакшы каалоолорумду кабыл алыңыздар

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler