Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Садыр Жапаров ЕАЭБ мамлекет башчылары менен бирге Астанадагы санариптик жетишкендиктердин көргөзмөсүнө барды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 28-майда Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчылары менен бирге Астанада (Казакстан) уюштурулган санариптик жетишкендиктердин республикалык көргөзмөсүнө барды Иш-чара Alem.ai эл аралык жасалма интеллект борборунда Евразия экономикалык форум

0 көрүүknews.kg
Садыр Жапаров ЕАЭБ мамлекет башчылары менен бирге Астанадагы санариптик жетишкендиктердин көргөзмөсүнө барды
Paylaş:

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров 28-майда Евразия экономикалык биримдигинин мамлекет башчылары менен бирге Астанада (Казакстан) уюштурулган санариптик жетишкендиктердин республикалык көргөзмөсүнө барды Иш-чара Alem.ai эл аралык жасалма интеллект борборунда Евразия экономикалык форумунун алкагында өтүүдө Көргөзмөнүн негизги басымы санариптештирүү жана жасалма интеллект технологияларын киргизүү болуп саналат. Бул жерде ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жасалма интеллектти өнүктүрүү, мамлекеттик кызматтарды санариптештирүү жаатындагы жетишкендиктери, ошондой эле мамлекеттик башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга жана санариптик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган заманбап технологиялык инновациялар көрсөтүлөт Кыргыз Республикасынын стендинде учурда өлкөнүн фискалдык системасын өркүндөтүү үчүн колдонулуп жаткан санариптик инструменттер, анын ичинде салык жана бажылык башкаруу процесстерине жасалма интеллект технологияларын киргизүү боюнча чечимдер көрсөтүлдү

Kaynak: knews.kg

Diğer Haberler

Садыр Жапаров вместе с главами государств ЕАЭС посетил выставку цифровых достижений в Астане | Tenqri