Садыр Жапаров Грузиянын өкмөт башчысын Ысык-Көлдө конок катары кабыл алды
13-июнда президент Садыр Жапаров жана Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Ысык-Көлдөгү этномаданий программа менен таанышты. Иш-чара Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өттү Президенттик аппараттан билдиришкендей, программа Ысык-Көл районунун Бостери а

13-июнда президент Садыр Жапаров жана Грузиянын премьер-министри Ираклий Кобахидзе Ысык-Көлдөгү этномаданий программа менен таанышты. Иш-чара Грузиянын өкмөт башчысынын Кыргызстанга болгон расмий сапарынын алкагында өттү Президенттик аппараттан билдиришкендей, программа Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы Көчмөн этнокомплексинде өттү Меймандарды добулбастардын уну менен тосуп алышты. Этнографиялык спектаклдин катышуучулары кыргыз маданиятынын салттарын, аңчылык өнөрүн жана аскердик мурастарын көрсөтүштү. Ошондой эле чакан концерттик программа тартууланып, анда акын-импровизатор куттуктоо сөзүн сүйлөдү Андан соң Садыр Жапаров менен Ираклий Кобахидзе боз үй конушунда болушту. Анда кыргыз элинин салттуу жашоо образына арналган көргөзмөлөр болду Жетекчилер комуз жасоо процесси, улуттук музыкалык аспаптардын көргөзмөсү, ошондой эле салттуу кол өнөрчүлүк: кийиз буюмдарын жасоо, күмүш зергерчилик, карапа жана темир устачылык менен таанышты Боз үйдө манасчы да чыгып, «Манас» эпосунан үзүндү аткарды Программанын соңунда конокторго улуттук ат оюндары жана аңчылыктын салттуу түрлөрү, анын ичинде бүркүт менен аңчылык, кыз куумай, ат минүү, жаа атуу жана каскадерлордун парады көрсөтүлдү


