Садыр Жапаров Кипрдин тышкы иштер министрин кабыл алды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда өлкөгө расмий сапар менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды Эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуунун келечеги талкууланды Президент туризм, инвестиция, финансы жана банктар

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда өлкөгө расмий сапар менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды Эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуунун келечеги талкууланды Президент туризм, инвестиция, финансы жана банктар аралык мамилелер чөйрөсүндө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө басым жасады Өз кезегинде Кипр Республикасынын Тышкы иштер министри Константинос Комбос Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен куттуктап, бул олуттуу жетишкендик жана эл аралык коомчулуктун жогорку ишениминин далили экенин белгиледи Ал Кыргызстанга эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүү максатында келгендигин баса белгилеп, бул үчүн тараптардын тиешелүү потенциалы бар экенин белгиледи Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Константинос Комбоско куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирди


