Садыр Жапаров Кыргызстан элин Конституция күнү менен куттуктады
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады Урматтуу Кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү маанилүү мамлекеттик майрам – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Мындан 33 жыл

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 5-майда Кыргызстан элин Кыргыз Республикасынын Конституция күнү менен куттуктады Урматтуу Кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер! Сиздерди бүгүнкү маанилүү мамлекеттик майрам – Кыргыз Республикасынын Конституциясынын күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм! Мындан 33 жыл мурун Конституциябызды кабыл алуу менен биз өз тагдырыбызды аныктап, ошол эле учурда эгемендүү мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөп, адам укуктары менен эркиндиктерин эң жогорку баалуулук катары жарыялаганбыз Биздин Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон укуктук акт. Ал биздин улуттук идеологиябыздын башаты жана улуттук өзгөчөлүктүн негизги белгилерин аныктаган документ. Көп улуттуу өлкөбүздө биримдикти жана туруктуулукту чыңдоочу идеологиялык өзөк болуп, анын аркасында ар бир жаран өзүнүн коопсуздугуна ишенет. Андыктан анын ар бир статьясын урматтоо баарыбыз үчүн эң негизги принцип болууга тийиш Бүгүн, глобалдуу өзгөрүүлөрдүн доорунда Конституциябыз улуттун бүгүнкүсүн жана келечегин аныктаган баалуулуктарды камтыгандыктан, өлкөнүн укуктук системасынын туу чокусу жана өнүгүүнүн пайдубалы болуп калды. Жаңы Кыргызстанды куруу жолунда биздин Конституция заман агымына ыктап, ошол эле учурда улуттук кызыкчылыкты сактоону шарттайт Учурда демократиялык, укуктук мамлекетти түзүү менен эгемен элибиздин эрки менен кабыл алынган Конституцияны урматтоо аркылуу алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашыруудабыз Конституциянын ар бир тамгасын жана бийик духун так баамдоо жана так сактоо, келечек муундарды Негизги Мыйзамды, элибиздин көп кылымдык бай тарыхын, каада-салтын, мурасын, ак ниет эмгегин урматтоо духунда тарбиялоо – биздин эң маанилүү милдетибиз Конституциянын жоболоруна жана элибиздин даанышмандыгына таянуу менен биз көз карандысыз, коопсуз жана өнүккөн жаңы Кыргызстанды кура аларыбызга бекем ишенем. Ар бир мекендешке ден соолук, бакубат жашоо каалайм. Сүйүктүү Кыргызстаныбыз гүлдөп, өнүгүп өсө берсин! Өнүгүүдөгү негизги багыт, негизги таяныч болгон Конституциябыз баарыбызга кут болсун! Майрамыңыз кут болсун!
Diğer Haberler

SpaceXге каршы класстык доо: Үйлөрүбүз жабыркады - Kıbrıs News - Kıbrıs News, TRNC Акыркы мүнөт жана күн тартибиндеги жаңылыктар

Токаев ЕЭК ишмердүүлүгүнүн негизги багыттары боюнча баяндамасын укту
