Садыр Жапаров Ысык-Көлдүн түбүнөн көтөрүлгөн браконьерлердин торлорун көрсөттү -
Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү браконьерлердин торлорунан жана суу астындагы таштандылардан тазалоо иштеринин видеосун жарыялады Анын айтымында, бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар кызматынын кызматкерлери Бостери айылындагы Алтын-Кум пляжынын аймагында иш алып барышты. Көлдүн түбү

Президент Садыр Жапаров Ысык-Көлдү браконьерлердин торлорунан жана суу астындагы таштандылардан тазалоо иштеринин видеосун жарыялады Анын айтымында, бүгүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин суучулдар кызматынын кызматкерлери Бостери айылындагы Алтын-Кум пляжынын аймагында иш алып барышты. Көлдүн түбүнөн балык уулоочу торлор, ар кандай таштандылар чыгарылат Мамлекет башчынын айтымында, мындай иштер күн сайын жүргүзүлүүдө. Жарыяланган кадрларда көлдүн экосистемасына жана анын тургундарына коркунуч туудурган браконьерлердин торлору суудан чыгарылып жатканын көрүүгө болот Ысык-Көлдү тазалоо көлдүн экологиялык абалын сактоо жана мыйзамсыз балык уулоого каршы иш-чаралардын алкагында жүргүзүлүүдө


