Садыр Жапаров Кыргызстанды БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү катары колдоп жаткан БУУнун өлкөлөрүнө ыраазычылык билдирди
Бишкек (АКИpress) – Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдогон БУУнун өлкөлөрүнө ыраазычылык билдирди Президенттин басма сөз кызматы анын кайрылуусунун текстин жарыялады: «Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө м

Бишкек (АКИpress) – Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө Кыргызстандын талапкерлигин колдогон БУУнун өлкөлөрүнө ыраазычылык билдирди Президенттин басма сөз кызматы анын кайрылуусунун текстин жарыялады: «Урматтуу Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө мамлекеттердин башчылары! 2026-жылдын 3-июнунда Сиздин колдооңуз менен Кыргыз Республикасы Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027-2028-жылдарга туруктуу эмес мүчөлөрүн шайлоодо тарыхый жеңишке ээ болду Кыргызстан бул жеңишти эл аралык коомчулуктун жогорку ишеними, ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө бардык мамлекеттердин алдындагы чоң жоопкерчилик деп эсептейт Кыргыз Республикасы БУУнун Коопсуздук Кеңешине мүчөлүгүнүн жүрүшүндө эл аралык тынчтыкты жана коопсуздукту чыңдоого, чыр-чатактарды болтурбоого, алдын алуучу дипломатияны өнүктүрүүгө, талаштарды тынчтык жолу менен чечүүгө колдоо көрсөтүүгө, эл аралык системада кичи жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин ролун бекемдөөгө, ошондой эле глобалдык коопсуздуктун контекстинде климат, суу, тоо жана экологиялык чакырыктарды эске алууга багытталган артыкчылыктарды ырааттуу алга жылдырууга ниеттенүүдө Биздин талапкерлигибизди колдогон бардык мамлекеттерге чын жүрөктөн ыраазычылык билдиребиз жана тынчтыктын, стабилдүүлүктүн жана көп тараптуулукту чыңдоонун кызыкчылыгында аракеттенген БУУнун Коопсуздук Кеңешинде жоопкерчиликтүү, конструктивдүү жана ачык өнөктөш болууга даяр экенибизди ырастайбыз Кыргыз Республикасы Филиппин Республикасына өз ара урматтоо жана Бириккен Улуттар Уюмунун принциптерине берилгендик духунда өткөн шайлоо өнөктүгүнө жана конструктивдүү атаандаштыкка татыктуу катышкандыгы үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирет Урматтуу Бириккен Улуттардын Уюмуна муче болгон мамлекет башчылары Менин эң жогорку урмат-сыйымдын ишенимин жана элиңизге тынчтык, бакубатчылык жана гүлдөп-өнүгүүнү каалайм” Маалымат: Азия-Тынч океан аймагынан орун үчүн Кыргызстан менен Филиппин ат салышкан. Бишкек 142 добуш, Манила 49 добуш алды БУУнун Башкы Ассамблеясы 2027-2028-жылдарга Коопсуздук кеңешинин 5 жаңы туруктуу эмес мүчөсүн шайлады. Добуш берүүнүн жыйынтыгына ылайык, Австрия, Португалия, Зимбабве, Тринидад жана Тобаго жана Кыргызстан Коопсуздук Кеңешинен орун алышты Коопсуздук кеңешинин жаңы мүчөлөрү Дания, Греция, Пакистан, Панама жана Сомалинин ордуна келет. Бахрейн, Колумбия, Конго Демократиялык Республикасы, Латвия жана Либерия Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлөрү статусун сактап калышат


