Садыр Жапаров Баткен районундагы “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркынын долбоору менен таанышты
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Баткен облусуна болгон кыска иш сапарынын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишинде орнотулган Достук стеласы, ошондой эле «Достук» эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен таанышты Эске сала кетсе

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 6-майда Баткен облусуна болгон кыска иш сапарынын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишинде орнотулган Достук стеласы, ошондой эле «Достук» эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен таанышты Эске сала кетсек, 2025-жылдын 31-мартында үч мамлекеттин президенттери боордош элдердин достугунун, чек ара маселелерин жөнгө салуунун жана аймактык кызматташтыктын жаңы этабынын образы болгон символикалык стелланын ачылыш аземине онлайн режиминде катышкан Сапардын жүрүшүндө мамлекет башчыга үч өлкөнүн чек ара аймагындагы “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркын куруу долбоорунун башкы планы тапшырылды Сунушталган концепцияга ылайык, жалпы аянты 100 гектарды түзгөн комплекске административдик, туристтик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана сейил бак аймактары кириши мүмкүн. Долбоор соода-логистикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган. Долбоор ишке ашса 5 миңден ашык жумушчу орун түзүлүп, чек ара соодасынын көлөмү көбөйөрү күтүлүүдө Ошондой эле концепцияда туризм инфраструктурасын өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого жана Улуу Жибек жолунун тарыхый мурастарын жайылтууга көмөктөшүүчү эл аралык маданий иш-чараларды, этникалык фестивалдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү каралган Президент Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, региондун туруктуулугу жана туруктуу өнүгүүсү үчүн биргелешкен инфраструктуралык жана экономикалык демилгелердин стратегиялык маанисин белгиледи Президент ошондой эле “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркы долбоорун ийгиликтүү ишке ашыруу үч өлкөнүн тыгыз кызматташуусу жана өз ара аракеттенүүсү менен мүмкүн экенин белгиледи Садыр Жапаров тараптардын өз ара колдоосу менен бул долбоор соода жана инвестиция үчүн ири аянтча, ошондой эле Борбор Азия элдеринин тынчтык, ишеним жана биримдик символу боло аларына ишенимин билдирди

