Садыр Жапаров кыска мөөнөттүү иш сапары менен Баткен облусуна барды (фото)
Бүгүн, 6-майда Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон кыска иш сапарынын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишинде орнотулган Достук стеласы, ошондой эле «Достук» эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик

Бүгүн, 6-майда Садыр Жапаров Баткен облусуна болгон кыска иш сапарынын алкагында Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын мамлекеттик чек араларынын кесилишинде орнотулган Достук стеласы, ошондой эле «Достук» эл аралык соода-экономикалык паркынын концепциясы менен таанышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы билдирди Президентке үч өлкөнүн чек ара аймагындагы “Достук” эл аралык соода-экономикалык паркын куруу долбоорунун башкы планы тапшырылды. Сунушталган концепцияга ылайык, жалпы аянты 100 гектарды түзгөн комплекс административдик, туристтик, логистикалык, өндүрүштүк, коммерциялык жана парктык аймактарды камтышы мүмкүн. Долбоор соода-логистикалык мамилелерди өнүктүрүүгө, инвестиция тартууга жана жаңы экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталган Долбоор ишке ашса беш миңден ашуун жумушчу орун түзүлүп, чек ара соодасынын көлөмү көбөйөрү күтүлүүдө Ошондой эле концепцияда туризм инфраструктурасын өнүктүрүү, маданий-гуманитардык байланыштарды чыңдоого жана Улуу Жибек жолунун тарыхый мурастарын жайылтууга көмөктөшүүчү эл аралык маданий иш-чараларды, этникалык фестивалдарды жана көргөзмөлөрдү өткөрүү каралган Мамлекет башчысы Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстандын ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди мындан ары чыңдоонун маанилүүлүгүн белгилеп, региондун туруктуулугу жана туруктуу өнүгүшү үчүн биргелешкен инфраструктуралык жана экономикалык демилгелердин стратегиялык маанисин белгиледи
Diğer Haberler

Учурда Өзбекстанда Экинчи дүйнөлүк согуштун 60 ардагери жана ага теңештирилген адамдар жашайт

Neytrallıq, sanksiyalar və məhbusların taleyi. Ukraynanın Qırğızıstandakı səfiri ilə - müharibə və Orta Asiya ilə əlaqələr haqqında
