Садыр Жапаров «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын жаңы имаратын ачты
7-майда президент Садыр Жапаров курорттун 60 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарындагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин жаңы имаратын ачты. Мекеме үч кабаттуу, 97 керебетке ылайыкталган. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди Белгиленгендей, бул имараттын курулушу акыркы 40 жыл ич

7-майда президент Садыр Жапаров курорттун 60 жылдыгына карата Чолпон-Ата шаарындагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаторийинин жаңы имаратын ачты. Мекеме үч кабаттуу, 97 керебетке ылайыкталган. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди Белгиленгендей, бул имараттын курулушу акыркы 40 жыл ичинде санаторийдин аймагындагы биринчи ири курулуш болуп саналат. Мамлекет башчысы жашоо шартын көрүп чыгып, комплекстин жалпы модернизациясынын жыйынтыгы менен таанышты Президент санаторий-курорттук мекемелердин президенттик администрациянын карамагына өтүшү тармактын экономикалык көрсөткүчтөрүнүн өсүшүн камсыздаганын айтты. Акыркы эки жылда Көгүлтүр Ысык-Көлдүн таза кирешеси эки эседен ашык өстү. Бул инфраструктурага инвестиция салууга гана эмес, кызматкерлердин эмгек акысын жогорулатууга да мүмкүндүк берди Ушундай эле реформалар азыр «Ысык-Ата», «Жети-Өгүз» санаторийлеринде, «Жыргалаң» пансионатында жана «Улан» балдар борборунда да жүргүзүлүүдө. Президент белгилегендей, Кыргызстан мындан ары да санаториялык-курорттук тармакты өнүктүрүү үчүн жаратылыш потенциалын натыйжалуу пайдалана берет