Садыр Жапаров Кипрдин тышкы иштер министри менен эки өлкөнүн кызматташуусун тереңдетүү маселесин талкуулады (фото)
Бүгүн, 8-июнда Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды. Алар эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуунун келечегин талкуулашты, деп билдирет президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы Президент тур

Бүгүн, 8-июнда Садыр Жапаров өлкөгө расмий сапар менен келген Кипр Республикасынын тышкы иштер министри Константинос Комбосту кабыл алды. Алар эки тараптуу жана көп тараптуу форматта кызматташуунун келечегин талкуулашты, деп билдирет президенттик аппараттын маалыматтык саясат кызматы Президент туризм, инвестиция, финансы жана банктар аралык мамилелер чөйрөсүндө, ошондой эле эл аралык уюмдардын алкагында мамлекеттердин өз ара аракеттенүүсүн тереңдетүүгө басым жасады Константинос Комбос Садыр Жапаровду Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук Кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктап, бул олуттуу жетишкендик жана эл аралык коомчулуктун жогорку ишениминин далили экенин белгиледи. Ал Кыргызстанга эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө жаңы дем берүү максатында келгендигин баса белгилеп, бул үчүн тараптардын тиешелүү потенциалы бар экенин белгиледи Жолугушуунун соңунда Садыр Жапаров Константинос Комбоско куттуктоосу үчүн ыраазычылык билдирип, өз ара пайдалуу кызматташууга даяр экенин билдирди


