Садыр Жапаров: Кыргызстан БУУга санкция киргизүү эрежелерин өзгөртүүнү сунуштайт
Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишине катышуу пландары тууралуу айтып берди Анын айтымында, Кыргызстан уюмдун уставын жана комитеттердин жоболорун өзгөртүү боюнча сунуш киргизет «Кудай буйруса сентябрь айында БУУга барганда абдан олутту

Садыр Жапаров “Кабар” агенттигине берген маегинде Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин ишине катышуу пландары тууралуу айтып берди Анын айтымында, Кыргызстан уюмдун уставын жана комитеттердин жоболорун өзгөртүү боюнча сунуш киргизет «Кудай буйруса сентябрь айында БУУга барганда абдан олуттуу сунуштарды айтабыз, БУУнун авторитетин жогорку деңгээлге көтөрүшүбүз керек, БУУнун чечимдерине келгенде, аларды кайсы мамлекет болбосун так аткарышы керек Болбосо, БУУнун алты комитети болсо, алардын бешөөнүн чечимин эч ким эске албайт экен Негизинен Коопсуздук кеңешинин чечимдери гана аткарылат. Ошондуктан биз БУУнун Уставын толуктоо боюнча сунуштарды киргизебиз», - деди президент Ал белгилегендей, БУУнун кандай гана чечими болбосун жүз пайыз аткарылышы керек жана ар бир мамлекет өз каалоосу менен иш алып барып, башаламандык жаратууну токтотушу керек "Эгерде кайсы бир мамлекетке каршы санкция киргизүү сунушталса, бул маселе БУУда каралып, санкциялар БУУнун чечими менен гана киргизилиши керек. Кайсы бир мамлекет өз каалоосу менен башка мамлекетке каршы санкцияларды киргизсе, баш аламандыкка чекит коюу керек. Мындай жана башка көптөгөн өзгөртүүлөр боюнча сунуштар киргизилет", - деди мамлекет башчысы


