14 миңден 23 миңге чейин: 15 жыл ичинде Кыргыз Республикасындагы коомдук уюмдардын саны кандай өстү
Кыргызстанда акыркы 15 жылда катталган коомдук бирикмелердин жана уюмдардын саны дээрлик 1,6 эсеге өстү. Ошол эле учурда сектордун түзүмү акырындык менен өзгөрүүдө: диний уюмдар жана кесиптик бирликтер эң ылдам өсүүдө, ал эми кээ бир кесиптик жана бизнес-ассоциациялар төмөндөй баштады Улуттук стат

Кыргызстанда акыркы 15 жылда катталган коомдук бирикмелердин жана уюмдардын саны дээрлик 1,6 эсеге өстү. Ошол эле учурда сектордун түзүмү акырындык менен өзгөрүүдө: диний уюмдар жана кесиптик бирликтер эң ылдам өсүүдө, ал эми кээ бир кесиптик жана бизнес-ассоциациялар төмөндөй баштады Улуттук статистикалык комитеттин маалыматы боюнча 2010-жылдын башына карата өлкөдө 14366 коомдук бирикме жана уюм болгон. 2026-жылдын башына карата алардын саны 23 293кө жеткен. Чокусу 2025-жылы болгон - 23 593 уюм, андан кийин статистика бир аз төмөндөгөн Негизги бөлүгүн “башка уюмдар” түзүүнү улантууда – алардын саны 11 309дан 17 259га чейин көбөйгөн. Аларга коомдук фонддор, ассоциациялар жана бирикмелер, кайрымдуулук уюмдары, маданий-агартуу коомдук уюмдары, жаштар жана спорттук бирикмелер, турак жай менчик ээлеринин шериктештиктери, коомдук кыймылдар, өнүктүрүү фонддору, түрдүү демилгелүү топтор жана жарандык бирикмелердин башка формалары кирет Диний бирикмелер байкаларлык динамика көрсөтүштү. Эгерде 2010-жылы Кыргызстанда мындай 513 уюм катталган болсо, 2026-жылга карата алардын саны 724кө жеткен. Өсүү 41%га жакынды түзгөн Профсоюздардын саны да кыйшаюусуз есууде. 15 жылдын ичинде бул көрсөткүч 546дан 899га чейин өскөн. Ушул эле мезгилдин ичинде саясий уюмдар эки эседен ашык — 155тен 328ге чейин кебейду Кыргызстандагы негизги экономикалык жаңылыктарга көз салыңыз - Telegram жана WhatsApp тармактарындагы Economist.kg каналдарына жазылыңыз. Биз ошондой эле Facebook, Instagram, Threads жана X тармактарындабыз. Бизге кошулуңуз жана ар дайым эң маанилүү нерселерден кабардар болуңуз!

