Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

1-июлдан тарта Бишкекте 72 каттам иштеп, шаар боюнча түнкү каттамдар да пайда болот, - Бишкек шаардык транспортунун жетекчиси

Бишкек (АКИpress) – 1-июлдан тарта Бишкек шаарындагы эски коомдук транспорттук каттамдар жоюлуп, жаңы 72 каттам пайда болот, деп билдирди «Биринчи радионун» түз эфиринде «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкекте 72 каттам

0 көрүүakipress.org
1-июлдан тарта Бишкекте 72 каттам иштеп, шаар боюнча түнкү каттамдар да пайда болот, - Бишкек шаардык транспортунун жетекчиси
Paylaş:

Бишкек (АКИpress) – 1-июлдан тарта Бишкек шаарындагы эски коомдук транспорттук каттамдар жоюлуп, жаңы 72 каттам пайда болот, деп билдирди «Биринчи радионун» түз эфиринде «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкекте 72 каттам бар, ал эми июль айынан баштап 72 каттамдын баары өзгөрөт. «Биз мурунку №226, №195 каттамдарды жокко чыгарабыз, №1, №2, №3... буйрукта №72ге чейин болот, узун каттамдар кыскартылат», - деп түшүндүрдү Капаров Ишкана жетекчиси 1-июлдан тарта коомдук транспорттордо накталай төлөмдөр алынарын эске салып, түнкү каттамдар иштей турганын билдирди "1-июлдан баштап ар бир каттамга түнкү каттамдарды киргизүүнү пландап жатабыз. Аэропорт-Асанбай каттамы боюнча азыр түнкү каттамдар бар. Ошол эле түнкү каттамдарды башка каттамдарга 40 мүнөттүк интервал менен кошобуз. 1-июлдан баштап пилоттук режимде ишке киргизип, график түзүп, андан кийин каалаган жерге жете аласыз. Түнкү каттамдар саат 22:00дөн баштап төлөмсүз саат 20:00гө чейин иштейт. схемаларды киргизет, алар даяр», — деди Капаров

Diğer Haberler