1-июлдан тарта Бишкекте 72 каттам иштеп, шаар боюнча түнкү каттамдар да пайда болот, - Бишкек шаардык транспортунун жетекчиси
Бишкек (АКИpress) – 1-июлдан тарта Бишкек шаарындагы эски коомдук транспорттук каттамдар жоюлуп, жаңы 72 каттам пайда болот, деп билдирди «Биринчи радионун» түз эфиринде «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкекте 72 каттам

Бишкек (АКИpress) – 1-июлдан тарта Бишкек шаарындагы эски коомдук транспорттук каттамдар жоюлуп, жаңы 72 каттам пайда болот, деп билдирди «Биринчи радионун» түз эфиринде «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров Анын айтымында, бүгүнкү күндө Бишкекте 72 каттам бар, ал эми июль айынан баштап 72 каттамдын баары өзгөрөт. Мурдагы №226, №195 каттамдарды жокко чыгарабыз, №1, №2, №3... №72ге чейин каттамдар болот. Узак каттамдар кыскартылат, деп түшүндүрдү Капаров Ишкана жетекчиси 1-июлдан тарта коомдук транспорттордо накталай төлөмдөр алынарын эске салып, түнкү каттамдар иштей турганын билдирди "1-июлдан баштап ар бир каттамга түнкү каттамдарды киргизүүнү пландап жатабыз. Азыр аэропорттон Асанбайга түнкү каттамдар бар. Ошол эле түнкү каттамдарды башка каттамдарга 40 мүнөттүк интервал менен кошобуз. 1-июлдан баштап пилоттук режимде ишке киргизип, график түзүп, каалаган жерге жетүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болобуз. Түнкү каттамдар саат 22:00дөн 05:00гө чейин иштей баштайт. схемалар, алар азыртадан эле даяр», — деди Капаров


