Рютте НАТО өлкөлөрү Украинага ИДПнын 0,25% бөлүп берүүнү сунуштады
НАТОнун баш катчысы Марк Рютте альянска мүчө өлкөлөргө Украинаны колдоо үчүн жыл сайын ИДПнын 0,25% бөлүүнү сунуштады Бул тууралуу Politico маалымат булактарына таянуу менен билдирди Басылманын маалыматына караганда, бул демилге апрель айынын аягында НАТОдогу элчилердин жабык жыйынында айтылган

НАТОнун баш катчысы Марк Рютте альянска мүчө өлкөлөргө Украинаны колдоо үчүн жыл сайын ИДПнын 0,25% бөлүүнү сунуштады Бул тууралуу Politico маалымат булактарына таянуу менен билдирди Басылманын маалыматына караганда, бул демилге апрель айынын аягында НАТОдогу элчилердин жабык жыйынында айтылган. Сунуш колдоо тапса, альянс бөлгөн каражаттын көлөмү үч эсе көбөйүп, 143 миллиард долларга жетиши мүмкүн Бирок, бул идея бир катар союздаштардын, анын ичинде Франция менен Великобританиянын арасында шектенууну пайда кылды, деп жазат газета. Маселе келерки аптада Швециянын Хельсингборг шаарында НАТОнун тышкы иштер министрлеринин жыйынында кайрадан талкууланмакчы. Чечим кабыл алуу үчүн блоктун бардык катышуучуларынын макулдугу талап кылынат


