Кыргызстандагы электрондук капчыктар рыногу: жыл ичинде төрт эсе өсүү
Электрондук акча Кыргызстандын жашоочуларынын күнүмдүк жашоосуна бекем кирди. Колдонуучулар товарларды жана кызматтарды мобилдик тиркемелер аркылуу төлөп, бири-бирине акча каражаттарын которушат жана аралыктан төлөмдөрдү жүргүзүшөт. Бул акырындык менен төлөм чөйрөсүн өзгөртүүдө жана накталай эмес фо

Электрондук акча Кыргызстандын жашоочуларынын күнүмдүк жашоосуна бекем кирди. Колдонуучулар товарларды жана кызматтарды мобилдик тиркемелер аркылуу төлөп, бири-бирине акча каражаттарын которушат жана аралыктан төлөмдөрдү жүргүзүшөт. Бул акырындык менен төлөм чөйрөсүн өзгөртүүдө жана накталай эмес формадагы төлөмдөрдүн жана эсептешүүлөрдүн үлүшүнүн өсүшүнө өбөлгө түзөт Электрондук акча – бул электрондук капчыкта сакталган жана төлөм каражаты катары кабыл алынган акча баалуулугу Мындай системалардын ишенимдүүлүгүн жана ачыктыгын камсыз кылуу үчүн Улуттук банк тиешелүү ченемдик укуктук актыларды түзөт жана керектөөчүлөрдүн укуктарын коргойт Буга чейин банк карталары жана QR коддору аркылуу электрондук акча чыгаруу жана төлөмдөрдү банктар гана кабыл ала алчу. Бул төлөмдөр секторунун башка катышуучуларынын мүмкүнчүлүктөрүн чектеп, рыноктун өнүгүүсүн басаңдаткан. Төлөм кызмат көрсөтүүлөрүнүн жеткиликтүүлүгүн кеңейтүү максатында Улуттук банк тарабынан электрондук акчаны өз алдынча чыгаруу жана төлөм уюмдары тарабынан накталай эмес формада төлөмдөрдү кабыл алуу (эквайринг) бөлүгүндө атайын жөнгө салуу режими (СРР) колдонулган Бул ыкманын натыйжалуулугун Грузия, Евробиримдик сыяктуу башка өлкөлөрдүн тажрыйбасы көрсөтүп турат. Бул өлкөлөрдө төлөм уюмдары көптөн бери өздөрүнүн электрондук акчаларын чыгарып, төлөмдөрдү кабыл алуу кызматтарын көрсөтүп келишет Биздин өлкөдө тестирлөөнүн жүрүшүндө төлөм уюмдары электрондук акчаларды жүгүртүүгө чыгаруу, аларды кайтаруу, ошондой эле QR коддору же виртуалдык POS терминалдар аркылуу төлөмдөрдү кабыл алуу механизмдерин сынап көрүштү Жобо өзгөргөндөн кийин, колдонуучулар эсептөөлөр үчүн көбүрөөк инструменттерге ээ болушту. Төлөм уюмдарынын мобилдик тиркемелери эми улуттук ELQR стандартын колдонуу менен транзакцияларды жүргүзүүгө мүмкүндүк берет. Функциялардын спектри боюнча мындай кызматтар ири банктардын тиркемелеринен кем калышпайт. Бул өзгөрүүлөргө рынок кескин өсүш менен жооп берди 2025-жылдын статистикасы тургундар электрондук капчыктарды көп колдоно баштаганын тастыктайт Электрондук капчыктардын популярдуулугу ынгайлуулукка гана эмес, таасир этет. Мындай кызматтарды өнүктүрүү төлөм инфраструктурасын, анын ичинде өлкөнүн региондорунда кеңейтүүгө, рынокто атаандаштыкты күчөтүүгө жана транзакциялык чыгымдарды кыскартууга өбөлгө түзөт. Мындан тышкары, накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүнүн өсүшү каржылык агымдардын ачыктыгын жогорулатууга жана санариптик экономиканы андан ары өнүктүрүүгө жардам берет


