Орусиянын эң чоң банкы Сбер 5 айда кирешесин 21,1 пайызга жогорулатты
Орусиянын эң чоң банкы Сбердин таза кирешеси жылдын биринчи 5 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21,1 пайызга өсүп, 827,2 миллиард рублге (болжол менен 10,5 миллиард доллар) жетти Сбердин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө банктын үстүбүздөгү жылдын январь-май мезгилине карата финансы
Орусиянын эң чоң банкы Сбердин таза кирешеси жылдын биринчи 5 айында өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 21,1 пайызга өсүп, 827,2 миллиард рублге (болжол менен 10,5 миллиард доллар) жетти Сбердин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө банктын үстүбүздөгү жылдын январь-май мезгилине карата финансылык жыйынтыктары камтылган Билдирүүдө банктын таза кирешесинин май айында жылдык негизде 20,5 пайызга өсүп 169,4 миллиард рублге жеткени, январь-май мезгилинде болсо 21,1 пайызга өсүп 827,2 миллиард рублге жеткени белгиленди Билдирүүдө банктын өздүк капиталдын кирешелүүлүгүнүн январь-май мезгилинде өткөн жылдын ушул эле мезгилиндеги 22,3 пайыздан 23,2 пайызга жогорулаганына, май айында да 22,1 пайызга жеткенине көңүл бурулду Билдирүүдө Сбердин таза пайыздык кирешесинин январь-май мезгилинде 24,8 пайызга өсүп 1,48 триллион рублга жеткени, ал эми таза комиссия кирешесинин 1 пайызга азайып 286,2 миллиард рублга жеткени белгиленди Сбер өткөн жылы 1,7 триллион рубль таза киреше алган


