Орусия Армениядан карантинге алынган бардык продукцияларды импорттоого чектөө киргизди
12-июндан тарта Орусия Армениядан карантинге алынган бардык продукцияларды импорттоого чектөө киргизди Бул тууралуу Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы - "Россельхознадзор" маалымат таратты Аталган мекеме Армениядан Орусияга карантинге алынган бардык азыкт

12-июндан тарта Орусия Армениядан карантинге алынган бардык продукцияларды импорттоого чектөө киргизди Бул тууралуу Орусиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл боюнча федералдык кызматы - "Россельхознадзор" маалымат таратты Аталган мекеме Армениядан Орусияга карантинге алынган бардык азыктарды, анын ичинде помидор, жүзүм, кургатылган жемиш жана башкаларды импорттоого чектөө киргизгени маалымдалган 12-июндан тарта бул продукциялардын Россиянын аймагынан Евразиялык экономикалык биримдиктин өлкөлөрүнө транзити токтотулган "Чечим карантиндик объекттердин системалуу түрдө аныкталгандыгына байланыштуу кабыл алынды. Үстүбүздөгү жылдын май айынан тарта кызмат Армениядан карантиндик продукциянын айрым түрлөрүн ташып келүүнү акырындык менен чектеп, армян тарапка жеткирүүдөгү үзгүлтүктөр тууралуу бир нече жолу маалымат жөнөткөн", — деп билдирди Россельхознадзор Ошондой эле Евробиримдиктин карантиндик товарларынын тизмесине жүзүм, пияз, күрүч, жүгөрү, кофенин айрым түрлөрү, кургатылган мөмө-жемиштер, помидор, картошка жана башка азыктар киргени айтылды
Diğer Haberler

Алматы аэропортунда вентиляциялык түтүктүн бир бөлүгү жүргүнчүлөрдүн жанына кулап түштү

Алматыда шылуундар менен байланышып, чоң апасы менен небереси үйүнөн ажырап калышты
