Румыния курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Мирча Луческу каза болду
Румыниянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Мирча Луческу 80 жашында жүрөгү кармап каза болду Бул тууралуу журналист Эмануэль Рошу «X» социалдык тармагына маалымат таратты "Кайгылуу кабар. Мирча Луческу 15 мүнөт мурун каза болду", — деп жазган ал Белгилей кетсек, Лу

Румыниянын футбол боюнча курама командасынын мурдагы башкы машыктыруучусу Мирча Луческу 80 жашында жүрөгү кармап каза болду Бул тууралуу журналист Эмануэль Рошу «X» социалдык тармагына маалымат таратты "Кайгылуу кабар. Мирча Луческу 15 мүнөт мурун каза болду", — деп жазган ал Белгилей кетсек, Луческу тез жардам ооруканасына 29-мартта түшкөн. Анын абалы Словакияга учаар алдындагы акыркы машыгуунун алдындагы техникалык сессияда начарлап кеткен. 2-апрелде ал Румыния курама командасынын башкы машыктыруучусу кызматынан кеткен М.Луческунун ден соолугу 2025-жылдын аягында начарлай баштаган. Январдын аягында катуу суук жүрөк оорусун күчөткөндөн кийин ал дагы бир нече күн ооруканада жатууга аргасыз болгон Бай машыктыруучулук карьерасы бар румыниялык адис италиялык “Интер”, “Пиза”, “Брешия”, түркиялык “Галатасарай”, “Бешикташ”, украиналык “Динамо” (Киев) жана “Шахтер” (Донецк) клубдарын жетектеген. Ал 2024-жылдан тарта Румыниянын курама командасын машыктырган Аларды колдонууда сайттагы материалдарга кайрылуу маанилүү. Веб-баракчаларда маалымат колдонулганда, гипершилтеме менен шилтеме милдеттүү болуп саналат


