Рубио Индияга жооп кайтарды
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Индиянын тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө америкалык тарап Иран мунайынын “мыйзамсыз ташылышына” жана Ирандын деңиз блокадасын бузуу аракетине чыдабай турганын айтты. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти билди

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Индиянын тышкы иштер министри Субрахманям Жайшанкар менен телефон аркылуу сүйлөшкөндө америкалык тарап Иран мунайынын “мыйзамсыз ташылышына” жана Ирандын деңиз блокадасын бузуу аракетине чыдабай турганын айтты. Бул тууралуу АКШнын мамлекеттик департаменти билдирди "Маектештер Ормуз кысыгындагы соңку окуяларды талкуулашты. Мамлекеттик катчы бардык соода кемелери кысыктагы тынчтыкты жана коопсуздукту камсыз кылууну көздөгөн АКШнын аскерий күчтөрүнүн буйруктарына токтоосуз түрдө баш ийүүсү керектигин баса белгиледи", — деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө Документте "Рубио америкалык блокаданы бузууга жана Иран мунайынын мыйзамсыз ташылышына жол берилбестигин баса белгиледи", — деп айтылат документте Акыркы бир нече күндүн ичинде Индиянын жарандары бар үч кемеге Ормуз кысыгында АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү кол салган. 8-июнда Омандын жээгинде ракеталык чабуулга кабылган Палау желеги бар танкердин 24 индиялык экипаж мүчөсү куткарылган. 9-июнда Оман булуңунда 24 индиялык деңизчи менен Палау желегин желбиретип жүргөн танкерге америкалык аскерлер кол салган. Экипаждын 21 мүчөсү куткарылган, үчөө каза болгон. 11-июнда Гвинея желеги илинген MT Jalveer коммерциялык кемеге кол салуу болгону белгилүү болгон. Бортто өрт чыккан. Бардык 20 Индиялык экипаж мүчөлөрү куткарылды Индиянын тышкы иштер министрлиги америкалык тарапка коммерциялык кемелерге кол салуулар кабыл алынгыс экенин билдирди. АКШнын убактылуу ишенимдуу өкүлү Жейсон Микс Индиянын тышкы иштер министрлигине чакырылып, америкалык деңиз флотунун индиялык деңизчилерди ташыган кемелерге кол салууларына каршы чечкиндүү нааразылык билдирди


