Бакунун расмий максаты - аймакта тынчтыкка жетишүү жана экономикалык өнүгүүгө дем берүү
Үстүбүздөгү жылдын башынан тарта Азербайжанга Европа жана Чыгыш өлкөлөрүнөн аскердик делегациялар келип, кызматташтык мамилелерди кеңейтүүгө аракет кылууда Учурда Азербайжан АКШ, Германия, Австрия, Улуу Британия, Эстония, Франция жана башка Европа өлкөлөрү, ошондой эле Кытай, Казакстан, Өзбекстан

Үстүбүздөгү жылдын башынан тарта Азербайжанга Европа жана Чыгыш өлкөлөрүнөн аскердик делегациялар келип, кызматташтык мамилелерди кеңейтүүгө аракет кылууда Учурда Азербайжан АКШ, Германия, Австрия, Улуу Британия, Эстония, Франция жана башка Европа өлкөлөрү, ошондой эле Кытай, Казакстан, Өзбекстан, Пакистан, Түркия жана башка өлкөлөр менен аскердик кызматташтык мамилелерин жүргүзүп келет. Жогоруда аталган мамлекеттердин арасында НАТО сыяктуу аскердик-саясий блокко кирген мамлекеттер жана бул блоктон тышкары калган мамлекеттер да бар. НАТОго мүчө мамлекеттердин жана мүчө эмес мамлекеттердин Азербайжан менен аскердик кызматташууга умтулушу бекеринен эмес AZERTAc кабарлагандай, Орусия-Украина согушу жана Ирандын тегерегиндеги аскердик-саясий процесстер дүйнөлүк державаларга болгон ишенимдин азайышына жана ошол эле учурда эл аралык коопсуздук балансынын өзгөрүшүнө алып келди. АКШнын президенти Дональд Трамптын Европанын коопсуздугунда активдүү роль ойноону каалабагандыгы жана жалпы коопсуздук маселелерине каржылык колдоо көрсөтүүнү чектөө Европа өлкөлөрүн мындан чыгуунун жаңы жолдорун издөөгө түрттү. АКШ НАТОго мүчө Европа өлкөлөрүн Иранга каршы ыктымал аскердик операцияларга кошулууга чакырганы менен, бул демилге колдоо тапкан жок. Натыйжада Вашингтон Европанын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча езунун кээ бир милдеттенмелерин кайра карап чыга баштады. Мындай кырдаалда Европа бир гана күч борборуна байланууну каалабайт. Энергия менен камсыздоону диверсификациялоо менен бирге аскердик-саясий өнөктөштүктү да кеңейтүүгө аракет кылууда 2020-жылдан кийин Азербайжан өзүнүн аймактык бүтүндүгүн камсыз кылууга жана жерлерин баскынчылардан бошотууга чечкиндүү жана кудуреттүү экенин эл аралык коомчулукка көрсөттү. Бүгүнкү күндө Азербайжан чыныгы согуш талаасында жеңишке жетишкен кесипкөй жана күчтүү армиясы бар мамлекет катары таанылган. Кырк төрт күндүк Ата Мекендик согушта жетишилген Жеңиш Азербайжандын Куралдуу күчтөрүнүн дараметин жана күжүрмөн жөндөмдүүлүгүн бүткүл дүйнөгө көрсөттү. Согуштан кийинки мезгилде Азербайжан менен Италиянын, Румыниянын жана Европанын башка мамлекеттеринин ортосунда аскердик кызматташтыкты кецейтуу женундегу документтерге кол коюлгандыгы кокусунан эмес. Бирок бул кызматташтык Азербайжанга эмне алып келиши мүмкүн? Кол коюлган документтер биргелешкен аскердик машыгууларды, тажрыйба жана билим алмашууну, ошондой эле аскер мекемелеринин ортосундагы үзгүлтүксүз диалогду жана кызматташтыкты өнүктүрүүнү карайт Ар кайсы өлкөлөр менен аскердик кызматташтыкты кеңейтүү армияга ар кандай аскердик сценарийлерге жакшыраак даярданууга мүмкүндүк берет. Аскердик-техникалык кызматташтык жаңы технологияларды, курал системаларын жана башкаруунун заманбап ыкмаларын изилдөө жана колдонуу үчүн кошумча мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Ошол эле учурда ар кандай өнөктөштөр менен мамилелерди өнүктүрүү аскердик чөйрөдө кандайдыр бир борбордон көз карандылыкты азайтууга жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн диверсификациялоого кызмат кылат Ошентип, Украина согушунан улам келип чыккан коопсуздук чакырыктарын эске алып, Европа өлкөлөрү Азербайжан менен энергетика тармагында гана эмес, аскердик багытта да мамилелерин өнүктүрүүгө аракет кылууда. Бул кызматташтык тараптардын ортосундагы стратегиялык мамилелерди чыңдоого, ошондой эле аймактык жана глобалдык коопсуздук маселелеринде өз ара кызыкчылыктарды камсыз кылууга кызмат кылат Өткөн айда Бакуга барган Италиянын Министрлер кеңешинин төрагасы Джорджио Мелони пресс-релизинде Европа чөлкөмүндөгү интеграциялык карым-катнаштар канчалык күчтүү болсо, коопсуздукту жана туруктуулукту камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрү ошончолук кеңейе турганын айтты Дүйнөдө геосаясий атаандаштыктын тереңдешинин жана ар кайсы аймактарда чыңалуунун жаңы булактарынын пайда болушунун фонунда Азербайжандын өз коопсуздугун камсыздоо мүмкүнчүлүгү, күчтүү аскердик потенциалы жана көз карандысыз саясаты Европа өлкөлөрүнүн көңүлүн бурууда. Азербайжан коопсуздук маселелеринде өз ара кызыкчылыктардын негизинде кызматташууга ачык. Расмий Бакунун негизги максаты - аймакта стабилдүү тынчтыкты камсыз кылууга, экономикалык өнүгүүнү тездетүүгө жана кызматташуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө салым кошуу 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек
Diğer Haberler

Стерлинг 61,75 лирадан, евро 53,45 лирадан, доллар 46,35 лирадан сатылууда - Havadis гезити | Кипр жаңылыктары

Kolaylığın bir bedeli vardır. Akçabar'da yeni hizmetlerle birlikte neden kamu hizmetlerinin tarifeleri de arttı?
