Окуучулардын ротациясы. Аймактарга барууга кандай стипендия түрткү берет? Сурамжылоо -
Кыргызстанда бюджеттик квота менен окуган студенттер үчүн ротация системасы ишке кирүүдө. 2027-жылдын сентябрынан тартып бюджеттик орундарды аймактар арасында бөлүштүрүү пландаштырылууда: түштүктөн абитуриенттер түндүккө, түндүктөн келгендер түштүк аймактарга окууга жөнөтүлөт Президенттин «Кыргыз

Кыргызстанда бюджеттик квота менен окуган студенттер үчүн ротация системасы ишке кирүүдө. 2027-жылдын сентябрынан тартып бюджеттик орундарды аймактар арасында бөлүштүрүү пландаштырылууда: түштүктөн абитуриенттер түндүккө, түндүктөн келгендер түштүк аймактарга окууга жөнөтүлөт Президенттин «Кыргыз Республикасында студенттердин аймактар аралык мобилдүүлүгүн өнүктүрүү жөнүндө» жарлыгына ылайык, министрлер кабинетине мамлекеттик билим берүү гранттарын аймактык балансты эске алуу менен бөлүштүрүүнү, программага катышкан студенттерге стипендияларды төлөөнү, ошондой эле аларды ички аба транспорту менен камсыздоону караган атайын программаны иштеп чыгуу жана бекитүү тапшырылды Азырынча стипендиянын суммасы тактала элек. 24.kg окурмандарынын пикирин суроону чечти. Аймактык университетке кандай стипендия менен өтүүгө даярсыз? Айына 5 миң сомго чейин 7-8 миң сом 10 миң сом 20 миң сом 20 миң сомдон жогору Добуш бериңиз Белгилей кетсек, учурда Кыргызстандын мамлекеттик университеттеринде бюджеттик негизде окуган жана окуудагы мыкты көрсөткүчтөргө ээ болгон студенттердин стипендиясынын өлчөмү айына 800 сомду түзөт. Бул Министрлер Кабинетинин токтому менен белгиленген негизги өлчөм Мамлекет кандай стипендияны белгилейт деп ойлойсуз? 3 миң сомдой 5-8 миң сом 15 миң 20 миң сомдон ашык Добуш бериңиз Педагогикалык адистиктердин студенттерине жогорулатылган төлөмдөр каралган: Мындан тышкары, өлкөдөгү эң мыкты студенттер үчүн президенттик стипендия бар. 2025-жылы аны 92 студент алган, төлөм ар бири үчүн 60 миң сомду түздү Аймактар аралык мобилдүүлүк программасын ишке ашыруу жаштардын өлкөнүн ар кайсы аймактарында билим алуу мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтет жана жогорку билимдин жеткиликтүүлүгүн жогорулатат деп күтүлүүдө Окуучулардын аймактар арасында ротацияланышы: жаңы демилге коомдо суроолорду жаратты Мамлекет башчынын айтымында, 20-30 жылдан кийин мындай система аймактык оппозициянын табигый түрдө жок болушуна алып келет жана улуттук ой жүгүртүүгө ээ менеджерлердин жаңы муунун калыптандырат Жатаканалардын жетишсиздиги учурда массалык мобилдүүлүккө тоскоолдук жаратууда. Ошондуктан жалпы сыйымдуулугу кеминде 9 миц орундуу студенттик жатаканаларды этап-этабы менен куруу пландаштырылууда Демилге тууралуу билим берүү процессинин катышуучулары кандай ойдо экенин бул жерден окуй аласыз


