Орусия Запорожьеге жети бомба таштады: каза болгондор болду, бала бакча дагы жабыркады - фото
Орусиянын Запорожье шаарына жасаган соккусунан эки адам өлүп, 15 киши жарадар болгонун Запорожье облустук аскер администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди Анын айтымында, орус аскерлери бир жарым сааттын ичинде Запорожьеге жети башкарылган бомба ташташты "62 жана 45 жаштагы эркектер каза б

Орусиянын Запорожье шаарына жасаган соккусунан эки адам өлүп, 15 киши жарадар болгонун Запорожье облустук аскер администрациясынын башчысы Иван Федоров билдирди Анын айтымында, орус аскерлери бир жарым сааттын ичинде Запорожьеге жети башкарылган бомба ташташты "62 жана 45 жаштагы эркектер каза болду. Облус борборунун 47 жаштан 87 жашка чейинки 15 тургуну сыныктарынан, баш мээси чайкалып, денесинен жаракат алгандыктан медициналык жардамга муктаж. 76 жаштагы аял оор абалда ооруканага жаткырылды. Жабыркагандардын бардыгына керектүү медициналык жардам көрсөтүлүүдө", - деп кошумчалады Федоров КАБдын бири бала бакчаны сүзүп, натыйжада күзөтчү жаракат алган Украинанын өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын маалыматы боюнча, кол салуудан бир административдик имарат, эки турак жай жана 12ден ашык автоунаа жабыркаган. Кампалар жана инфраструктура да жабыркаган


